Кыргызстанда дагы бир бейтап коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда коронавирустун 843 ашуун учурлары катталган. Министрдин орун басарынын айтымында, бейтапка мурун пневмония диагнозу коюлган. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бир бейтап COVID-19 менен көз жумган.

«Ошондой эле ага эки тараптуу пневмония, үчүнчү даражадагы курч респиратордук жетишсиздик, мээ шишиги деген диагноз коюлган. Андан тышкары, бейтап кант диабети менен жабыркап, инсулин алган», — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпысынан 11 адам көз жумду.

Кыргызстанда күнүнө 13 коронавирус оорусу аныкталды, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде.

Анын айтымында, алардын сегизи Бишкек шаарында жана бешөө Нарын облусунда катталган.

Өлкөдө жалпысынан 843 коронавирус инфекциясы аныкталды.

Добавить комментарий