Кыргызстанда 2 жаңы коронавирус өлүмү катталды

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда эки адам коронавирустан көз жумган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда 70 жаштагы аял жана Ошто 79 жаштагы эркек киши каза болгон.

“Чүй облусунда бейтап кечигип келип, башка илдеттер менен ооруп жүрдү. Алар ага жардам бере алышкан жок. Ал адам оор абалда көз жумган. Жалпысынан республикада COVID-19дан жети адам көз жумду”, — деди Нурболот Үсөнбаев.

20-апрелде буга чейин тастыкталган COVID-19 диагнозу менен ооруган 68 адам бошотулган. Алардын ичинен Бишкек шаары — 10, Нарын облусу — 1, Ош шаары — 42, Ош шаары — 7, Жалал-Абад облусу — 7, Баткен — 1.

Бардыгы болуп 201 адам айыгып кетти.

Добавить комментарий