Кыргызстан: Шаар аралык каттамдар 9-июлдан тарта токтотулат

Бардык аймактарда, 2020-жылдын 9-июлунан тарта, облустар аралык каттамдагы шаарлар аралык автобус каттамдарында коомдук транспорттор белгисиз мөөнөткө токтотулат, деп билдирет COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб.

Мындай чектөөлөрдүн мөөнөтү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө болот, деп айтылат билдирүүдө.

Чечим COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу боюнча аймактык ыкчам штабдын сунуштарына ылайык кабыл алынды.

Добавить комментарий