Кыргызстан: коронавирустук инфекция учурларынын статистикасы

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны, анын ичинде пневмония менен ооругандардын саны 930 адамга көбөйдү.

2020-жылдын март айынан бери – 161 015 бейтап.     

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 528, Ош шаарында 4, Чүйдө 142, Ошто 43, Таласта 16, Нарында 17, Ысык-Көлдө 57, Жалал-Абадда 67, Баткенде 56 учур катталган.

Бир сутка ичинде дагы 13 адам коронавирустан көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек шаарында жети, Чүй облусунда үч, Ош шаарыгда, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.

2020-жылдын март айынан бери республикада 2301 адам каза болду.

Бир сутка ичинде 17 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алышкан, анын ичинен жети учур Бишкек шаарында, үч учур Жалал-Абад облусунда, экөө Чүй, Баткен жана Ысык-Көлдө, бирөө Нарында катталган.

Күндүн ичинде айвгуу менен сегиз медициналык кызматкер ооруканалардан, 23 үй изоляциясынан чыгышты.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 6 миң 417, алардын ичинен 5 миң 756 адам айыккан.

Добавить комментарий