“Кыргызнефтегаз” ААКнын 1-жарым жылдык ишинин жыйынтыгы: таза киреше былтыркыдан 2 эсеге ашып, 2 миллиард сомго жакын пайданы түздү

«Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Нургаз Нишанов профсоюз менен жолугушуу өткөрүп, анда 2022-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы чыгарылды, ошондой эле өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөр 2021-жылга салыштырмалуу кыйла жогорулагандыгы белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө коллегия төрагасы жарым жылдыкта аткарылган иштер боюнча маалымат берип, кызматкерлердин көйгөйлөрүн жеринде укту. Кошумчалай кетсек, 6 айда “Кыргызнефтегаз” ААКнын таза кирешеси 1 миллиард 891 миллион сомду түзүп, 2021-жылдын 6 айына салыштырмалуу 2 эсеге көп болгону белгилүү болду.

Откен жылдын биринчи жарымында ишкананын таза кирешеси 786 миллион сомду тузген. Өткөн жылга салыштырмалуу 2020-жылдын 6 айында ишкананын таза кирешеси 1 миллиард 100 миллион сомго көбөйгөн.

6 айдын ичинде чийки нефтини казып алуу планы 74826 тонна болсо, иш жүзүндө 84948 тоннага аткарылган. Бул 6 айлык план 113% аткарылды дегендикке жатат.

Добавить комментарий