Кыргыз Республикасында эпидемия башталгандан бери канча дарыгер коронавируска кабылган

Кыргызстанда эпидемия башталгандан бери 3123 дарыгер коронавирус инфекциясын жуктуруп алышкан, жалпы 2424 медициналык кызматкер айыгып кетишкен.

Кыргызстанда бир күн ичинде 7 дарыгерден коронавирус табылды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 2.

Күндүн ичинде 4 медициналык кызматкер айыгып ооруканалардан чыгарылды. Мындан тышкары, 11 медициналык кызматкер үйүнөн өзүн-өзү изоляциядан чыгышкан.

Добавить комментарий