Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарда кезек күтүүлөр жоюлду

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр жок экенин билдирди.

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары адамдарды, транспорттук каражаттарды жана товарларды өткөрүүнү кадимки режимде ишке ашырат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрүү пункттарында да адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган эмес.

«Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерде жол жээгинде 70 жүк ташуучу унаа турат, алардын айдоочулары жүктүн документтерин, ПЦР анализинин жыйынтыгын күтүп жатышат», – деп баса белгиледи Чек ара кызматы.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.

Добавить комментарий