Кыргыз дипломаттары талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

КРнын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов кыргыз дипломаттары Кабулда талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын кабарлады.

Жалпысынан Кабулдагы элчиликте үч киши иштейт, анын ичинде Ниязов да бар, ал Бишкекте эки айдан бери дарыланууда.

«Талибан активдүү түрдө жардам берет, ар тараптан колдойт. Алар биздин жарандардын Ооганстандан коопсуз жана так коштоосун камсыздоого катышат. Дипломатиялык миссиялардын коопсуздугуна кепилдик беришет», – деди элчи.

Айрыкча акыркы жумаларда чоң шаарларга талиптердин келиши менен Ооганстандагы кырдаал курчуп кетти. Жекшембиде согушкерлер Кабулга кирип, президенттик сарайды көзөмөлгө алышканын айтышкан. Президент Ашраф Гани өлкөдөн «кыргынды болтурбоо үчүн» кеткенин айтты. Дүйшөмбү күнү кечинде “Талибандын”* саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммад Наим Ооганстандагы согуш аяктаганын, башкаруу формасы жакынкы аралыкта аныкталарын билдирди.

*Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган экстремисттик уюм.

Добавить комментарий