2021-жылдын 16-январына карата Кыргызстандын медициналык профили бар 15 жогорку окуу жайы Пакистандагы медициналык комиссиянын университеттеринин кара тизмесинде калууда.
Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтында маалымдалды.
Кыргызстандын кара тизмеге кирген ЖОЖдоруна Пакистан жарандарына кирүү сунушталбайт.
Буга чейин Кыргызстандын ЖОЖдорунун пакистандык бүтүрүүчүлөрү Пакистан медициналык кеңешинде милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтө албай, дипломдору таанылбай жаткандыгы маалымдалган.
Университеттердин кара тизмеси:
- ABC Academy Бишкек;
- Азия медициналык институту;
- Жалал-Абад мамлекеттик медициналык университети;
- Эл аралык медициналык университет Авиценна;
- Адам Медицина Университети;
- Эл аралык медициналык университет;
- А.Батиров атындагы Жалал-Абад Элдер Достугу Университети, Медицина факультети;
- Кыргыз-Өзбек университетинин медицина факультети;
- Royal Metropolitan Медициналык Университети;
- С. Тентишев атындагы Азия медициналык институту.;
- Салымбеков атындагы университеттин медицина факультети
- Илимий медициналык жана социалдык институт;
- Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин медицина факультети;
- Эл аралык Медицина мектеби (IUK ISM) (лицензия номери: 180000058), Токмок шаарындагы кампус.
Ошондой эле, кара тизмеге Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынан тышкары, 2021-жылы 5 жылдык өзбек программалары кирген, ал аяктагандан кийин пакистандык студенттер өз мекенинде милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтө алышпайт.
Өзбекстандагы программалардын тизмеси:
– 5 жылдык MBBS программасы, Ташкент медициналык академиясы, Фергана филиалы;
– 5 жылдык MBBS программасы, Ташкент медициналык академиясы, Ташкент;
– 5 жылдык MBBS программасы, Ташкент медициналык академиясы, Ургенч филиалы;
– 5 жылдык MBBS программасы, Самарканд мамлекеттик медициналык институту, Самарканд;
– 5 жылдык MBBS программасы, Бухара мамлекеттик медициналык институту, Бухара;
– 5 жылдык MBBS программасы, Андижан мамлекеттик медициналык институту, Андижан;
2020-жылдын октябрь айында Пакистандын медициналык комиссиясы веб-сайтына пакистандык студенттер окуган Кыргызстандагы университеттердин кара тизмесин жарыялаган, бирок мекенине кайтып келгенден кийин, алар тиешелүү сынактан өтө алышкан эмес.
17-ноябрда Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайы кара тизмеден чыгарылды:
— И. Ахунбаев атындагы КММА.;
— Ош мамлекеттик университети;
— Б. Ельцин атындагы КРСУ.;
— МУКтун Эл аралык Медицина жогорку мектеби.