Кыргызстанда көрүлгөн чараларга карабастан, жерди өз алдынча басып алуу практикасы уланууда. Анын ичинде жеке турак-жай куруу үчүн айыл чарба жерлери.
Белгилей кетсек, менчик ээлери же ижарачылар тосмону мыйзамсыз түрдө башка бирөөнүн аймагына алып чыгышат, жалпы пайдалануудагы жерлерде же көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык участоктордо унаа токтотуучу жайларды ачышат, гараждарды, күркөлөрдү, соода павильондорун ачышат жана башкалар.
Жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында, КР Президенти Садыр Жапаров “Жер участокторун мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров эмнени буйруду
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, мэрлер, айыл өкмөт башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте:
- жерди өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- жерди өз алдынча басып алууга жол бербөө, жарандык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүү;
- чек аралары мамлекеттик кыймылсыз мүлк кадастрына киргизилбеген жерлерди, капиталдык курулуш объекттерин, курулмаларын алып коюуну болтурбоо максатында жер участокторунун чек араларын белгилөө боюнча кадастрдык иштерди жүргүзүү;
- айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга берилген жерлердин рационалдуу жана эффективдүү пайдаланылышына, ошондой эле айыл чарба жерлеринин менчик ээлерине көзөмөлдү күчөтүү.
ИИМге:
- коомдук укук тартибин камсыз кылуу боюнча иштерди активдештирүү, жерди өз алдынча басып алуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү жана бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу;
- мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктеги жерлерди мыйзамсыз басып алуу фактыларын тез арада кароо, бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык иштерди күчөтүү.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарандар же юридикалык жактар тарабынан бөлүнгөн же бекитилип берилген жер участогун өз алдынча кеңейтүү фактыларын тез арада карап чыксын.