Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарында Кыргызстанга С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин жана чабуулчу дрондорду өткөрүп берүүнү макулдашты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.
“Аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу боюнча тараптардын макулдашуулары маанилүү болуп калды. Тактап айтканда, жакынкы келечекте С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин жана чабуулчу учкучсуз учактарды жеткирүү жөнүндө, бул Россиянын Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоодо жана ЕАЭБ менен ЖККУнун тышкы чек араларында маанилүү салым болуп калат”, – деди ал.
С-300 «жер-аба» ракеталык тутумдары ири өнөр жай жана административдик объектилерди, аскер базаларын жана командалык пункттарды душмандын аэрокосмостук чабуул куралдарынан кол салуудан коргоого арналган. Баллистикалык жана аэродинамикалык буталарды урууга жөндөмдүү.