КР ооган жоокерлери сыйлыктарга жана гуманитардык жардамга ээ болушту

Ооганстанда кызмат кылган кыргызстандыктар Россия элчилигинин алдындагы Аскердик атташенин кеңсесинен сыйлык жана жардам алышты.

Россия элчилигинин коргонуу атташеси, полковник Игорь Довбня протездөө үчүн жалпы сертификаты 240 миң сом болгон эки сертификат берилгенин айтты.

«Биз үчүн ооган жоокерлерин колдоо маанилүү. Биз төрт коляска, протездөө үчүн эки сертификат белек кылдык, ошондой эле «оогандардын» штабында ремонтко жардам берип жатабыз. Кошумчалай кетсек, биз Ооганстанда согушкан жана бир катар себептерден улам СССР убагында деле сыйлык берилбеген Кыргызстандын жарандарына сыйлыктарды тапшырдык. Биз Россотрудничествого бул долбоорду колдогону үчүн ыраазыбыз», – деди Игорь Довбня.

Ал кошумчалагандай, жакын арада Ооганстанда кызмат өтөгөн кыргызстандыктарлын штабында оңдоо иштерин бүтүрүү, анын базасында аскердик-патриоттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Добавить комментарий