КР Өкмөт башчысы менен «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК кенди иштетүү боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюшту


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/06/speech-92857-1686034799-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Түркиянын “Эти Бакыр Терексай” тоо-кен компаниясынын жетекчилиги, директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Женгиз менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө, анын ичинде экологиялык талаптарды жана социалдык милдеттенмелерди аткарууга байланышкан маанилүү маселелер талкууланды. Компаниянын жетекчилиги өкмөткө Терекканское, Перевальное жана Терекское кендерин иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кенди иштетүү долбоорун андан ары ишке ашыруунун алкагында министрлер кабинети, Eti Bakir акционердик коому жана «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан. Ишканада 500 ашык кыргызстандык эмгектенет.

Добавить комментарий