КР аэропортторунда чектөө чаралары киргизилет

COVID-19 менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КР башкы санитардык дарыгери «Манас» эл аралык аэропортунун аэропорттук комплекстеринин аймагында чектөө чараларын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Чектөө чаралары бүгүн, 17-апрелде башталат, деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

«Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу, коронавирустук инфекцияны аныктаган учурлардын санынын көбөйүшү жана аэропорттун комплекстеринин аймагында Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык доктурунун буйругунун негизинде Эл аралык «Манас» аэропорту, 2021-жылдын 17-апрелинен тартып, COVID-19 инфекциясын жана жайылышын алдын-алуу боюнча иш-чаралардын комплексин күчөтөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

  • саат 00:00дөн 7:00гө чейин, уруксаты жок адамдардын, анын ичинде узаткан жана тосуп алгандардын кирүүсү чектелген. Аба майданындагы жүргүнчүлөрдүн аэропорттун комплекстерине кириши авиабилеттердин болушуна байланыштуу болот;
  • адистердин термометриялык көзөмөлү жана учуп бараткан жана келген аба жүргүнчүлөрүнүн дене температурасын өлчөөсү күчөтүлөт;
  • аэропорттун жүргүнчүлөрүн узаткандар жана тосуп алгандар үчүн ыңгайлуу болуш үчүн, аэропорттун комплексинин жанына отургучтар орнотулат;
  • жүргүнчүлөр катталган жерлерде коопсуздук текшерүүсүнөн өтүп жатканда беткап кийип, аралыкты сакташы керек.

Добавить комментарий