Коронавирус жөнүндө ушак тараткыч кармалды

МУКК 23-мартта коомдук желелерде коронавирус жөнүндө ушак тараткан бир адам кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштеринин жүрүшүндө, 1983-жылы туулган, Ош облусунун Тепе-Коргон районунун айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны Боромбаев Шабдан Осонович аныкталган жана кармалган.

Аармалган коомдук желелерде коронавирус атайын бийликтер тарабынан иштелип чыккан жана ага каршы эмдөөдон баш тартуу жөнүндө ушак жайылткан. Ал ушакты өз демилгеси боюнча же кандайдыр бир уюмдун кызыкчылыгында иш-аракет кылганы белгисиз. Ошондой эле анын мотивдери кылмыш жүйөлөрү иликтөөдө аныкталат.

Кармалган адам өзүнүн иш-аракеттери үчүн өкүнүп, элден кечирим сурады.

Анын иш-аракеттери, укуктук баа берилет.

МУКК ушактардын жайылышына катышкан тиешелүү адамдарды аныктоо ишин улантууда жана коронавирус жөнүндө жалган маалыматты чыгаруу, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий жана эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине жол бербейт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга тийиш деп эскерет.

Добавить комментарий