Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 84 учуру аныкталды. Биринчи учурлар Сауд Арабиясынан кайтып келген зыяратчылар болгон.
Учурда коронавирусту жуктурган үч адам реанимацияда жатышат, деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов брифингде.
Учурда 26 жаңы учур аныкталды. Жалпысынан республика боюнча 84 адамга коронавирус жуккан.
“Ооруканага жаткандардын үчөө оор абалда, башкача айтканда реанимацияда. Алардын экөө Ноокат районунда, бири Сузакта. Биз Бишкектен адистердин тобун жөнөттүк, алар ошол жерде консультацияларды өткөрүп жатышат”, – деди Мамбетов.
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ноокат, Кара-Суу облустарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген.