Коопсуздук кеңеши жергиликтүү бийлик органдарында коррупциялык тобокелчиликтерди аныктай баштады

Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча иштерди баштады.

Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик жумушчу тобу коррупциянын эң аялуу жерлерин аныктоо үчүн Бишкек мэриясынын жерге жайгаштыруу, жер пайдалануу жана курулуш жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ишмердүүлүгүн изилдейт.

«Жыйынтыктардын негизинде жогоруда аталган башкармалыктардын ишиндеги системалуу коррупцияны жоюунун планы иштелип чыгат жана ал аткаруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, сентябрь айында ушундай иштер Ош шаардык мэриясынын структуралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Добавить комментарий