КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик архив кызматтарынын башчыларынын онлайн жолугушуусу

КМШнын архив кызматтарынын жетекчилеринин онлайн жолугушуусу болуп, анда жыл жыйынтыгы чыгарылып, биргелешкен мамлекеттер аралык маалымат базасын түзүү маселеси каралды.

КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттик архив кызматынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин 16-отуруму МККнын алдындагы Архив агенттиги тарабынан уюштурулган, деп билдирди департаменттин басма сөз кызматы.

Конференциянын катышуучулары – Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстандын архив кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле Өзбекстандын байкоочу катары өкүлдөрү, КМШ Аткаруу комитети жана Бүткүл Россиялык Документтештирүү жана Архив Иштери Изилдөө Институтунун директору.

Жолугушууну МККнын алдындагы Архив агенттигинин директору Мария Алыбаева алып барды, катышуучулар өткөн мезгилдеги иш-чаралар жөнүндө отчетун угушту, КМШдагы архив ишинин абалы жана өнүгүшү, 2021-2025-жылдарга карата иш-чаралар планы, КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясы жана аны ишке ашырууда Консультативдик кеңештин ролу талкууланды.

Онлайн режиминдеги жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстан Мамлекеттик архив кызматынын консультативдик кеңешинин курамына кирди. Консультативдик кеңештин кийинки отурумун 2021-жылы Казань шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүү пландаштырылган.

КМШ өлкөлөрүнүн архив кызматтарынын башчыларынын жолугушуусу онлайн форматта өтүп, анда жыл жыйынтыгы чыгарылып, бирдиктүү мамлекеттер аралык маалымат базасын түзүү маселеси каралды.

 

Добавить комментарий