Кечээ бир кары адам коронавирустан көз жумду

Коронавирустан биринчи өлүм Кыргызстанда катталды — Ноокат районунун тургуну көз жумду, деп Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

2-апрелде Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында өлүм болгон. Оорулуу 61 жашта болчу.

Штабдан билдиришкендей, бейтап чет өлкөдөн келип, стационардык байкоо жүргүзүлүп, андан кийин дарылана баштаган. Анализ COVID-19 инфекциясын тастыктады. Мындан тышкары, бейтаптын олуттуу кошулуучу оорулары болгон.

Добавить комментарий