Казакстан менен Кыргызстан “боз” сертификаттар менен күрөшөт

Кыргызстан менен Казакстан “боз” сертификаттарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракечтер тууралуу макулдашууга жетишти.

Кол коюлган документке ылайык, эки мамлекеттин тиешелүү министрликтери “боз” сертификаттарды тез арада жокко чыгарышат.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда мыйзам бузуулар менен берилген товарларга шайкештикти баалоо боюнча документтерди тариздөө жана таркатуу боюнча иш планга кол коюлду, деп билдирди КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Документке кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров, казак тараптан Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасы Арман Абенов кол койду.

План товарлардын шайкештигин баалоо (тастыктоо) боюнча берилген документтер боюнча ыкчам маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жана аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрүүгө багытталган. Пландын аткарылышы «серый» сертификаттардын жүгүртүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүгө жана белгиленген талаптарга жооп бербеген коркунучтуу продукциянын рынокто пайда болушуна жол бербөөгө жардам берет.

Министрликтер бузуулар менен (тестирлөөсүз) берилген сертификаттар жана декларациялар боюнча маалымат алмашууну макулдашты. Мындай документтерди жокко чыгаруу боюнча чаралар бир сутканын ичинде көрүлөт (мурда мөөнөттөр жөнгө салынчу эмес).

Бүгүн Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өтүүдө. Тараптар башка маселелер менен катар чек арадагы товарлардын патенттик абалын талкуулашууда.

Буга чейин жүк ташуучулар Кыргызстандан келген жүк ташуучу унаалар Казакстан менен чек арадан толук бажы көзөмөлүнөн өтүп, ошондон улам ата мекендик өндүрүшчүлөр чоң жоготууга учурап жатканын айтып нааразы болушкан. Кечээ КР Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров кырдаалга комментарий берди.

Добавить комментарий