Каратаев: адамдын ууру же киши өлтүргүч экендигин сот гана аныктайт

Саламаттык сактоо министринин орун басары ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө бирөөнү ууру же киши өлтүргүч деп айтууга укугу жок экендигин эскертти. Бул соттун компетенциясы.

“Бизди ууру же киши өлтүргүч деп сот гана айта алат. 2020-жылдын 11-июнуна чейин, буйрук боюнча, мен коронавирус эпидемиясынын абалы боюнча иштеп жаткан аймактарда болгондугумду белгилеп кетким келет. Коронавирусту дарылоо протоколун кечиктирген деген айып дагы туура эмес”, – деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгына токтолуп.

Каратаев аны компетентсиздиги үчүн айыпташканын белгиледи. «Мен Москва медициналык академиясында докторлук диссертациямды жактадым жана ал жерде менин эмгегим жылдын мыкты иши деп табылды. Нарында коронавирустун туу чокусу болгондо, мени ал жакка жиберишкен, биз оорунун төмөндөшүнө жетиштик. Эгер мен кыла албаган болсом, анда менин компетентсиздигим жөнүндө сүйлөшсөк болот. Эми баарын укук коргоо органдары текшерет, эгер кимдир бирөөнүн күнөөсү болсо, алар жооп беришет», – деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

“Жыйынтыгын жарыялаганга чейин айрым маселелерди чогуу талкуулоо керек болчу. Келечекте «кара июль» кайталанбашы үчүн, кандай каталар кетирилгенин талкуулап, аларды кайталабоо – биздин негизги милдетибиз”, – деп кошумчалады Каратаев.

Добавить комментарий