Жөө күлүк Дарья Маслова Токио Олимпиадасына

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Олимпиадалык оюндардын желеги. Архив

Ага ылайык, Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелдеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзгөн. Муну менен спортчу 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Дарья Маслова Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, ага 105 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, учурда Масловадан тышкары балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева да лицензия алган.

Добавить комментарий