СССРдин алкагында Кыргызстан өлкө үчүн маанилүү чечим кабыл ала албаган көз каранды мамлекет эле. Кыргыз ССРинин ар бир кыймылын коммунисттик Кремл аныктап турчу, анын буйруктарын Кыргыз жетекчилери унчукпай ишке ашырып турушчу. Мындан тышкары, Кыргызстандын лидерлери СССРдин бир гана саясий партиясы – Коммунисттик партиясынын (КПСС) төрагасы болуп дайындалышкан. Кремлге жарактуу эмес жергиликтүү жетекчилер каалаган учурда кызматтан алынып салынган, алардын ордуна баш ийген, сөз уккан активисттер дайындалган. Андан бери далай суу агып кеткен. Азыркы кезде Кыргызстан эл жарандык коому тез пайда болгон пост-мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Бирок Кыргызстанга Россиянын мамилеси азыркыга чейин СССРдин ошол үлгүсү менен улантылып жатат, башкача айтканда, «империянын борбору» мамилеси бир «бюгюп» менен сыяктуу.
Кремлдин пайдасына колуна салып Россиядагы кыргыз мигранттарынын Кыргызстандын бюджетинин каржылык көз карандылыгы ойнойт.
Ар кандай маалыматтар боюнча, Россияда 600тан 800кө чейин Кыргызстандын жарандары иштейт, 29% соода менен алектешет, 26% ар турдуу кызмат көрсөтуудө, 20% курулушта иштешет.Калгандары транспорт жана байланыш чарбаларында, тиричилик коммуналдык сыяктуу багыттарда иш кылышат. Кыргызстандыктардын эн эле аз саны өнөр жайда (2,4%) жана саламаттыкты сактоо (1,3%) тармактарында.
Бул алты миллиондук Кыргызстандын – эмгекке жарамдуу калкынын үчтөн бир бөлүгү.
Орточо эмгек акысы 29,796 рубл тузөт, бирок мыйзамдуу түрдө иштегендердин акысы – бир минге көбурөөк. Кыргызстандын ар бир мигранты мекениндеги үй-булөсунун 2-3 башын камсыздандырат. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстан мигранттары ИДПга карата акча которуулары боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт.
Демек, бир гана 2018-жылы мигранттар Кыргызстанга $ 2,5 млрд жиберген, алардын ичинен – Россиядан $ 2,4 млрд жөнөтулгөн. Ошол эле учурда, ИДПнын көлөмү 2018-жылы 8 млрд. доллар түзгөн.
Буну Кыргызстан экономикасынын ийгилиги деп атоого кыйын, анткени, мындай каржылык агымдардан көз каранды болгон чон коркунучту тузөт. Мындан тышкары, мигранттар донор-өлкөсу кабыл алуучу өлкө кризиске кабылса, катуу абалга тушуп калышы мумкун, ошентип Кыргызстан 2014-жылы Россияда башталган кризистен чон зыян тапкан.
Кризис рублдин кыйрашына алып келген 2014-жылы акырында рублдун курсу 1ге 1 болгон, 2015-жылы кышында 1 рублга 80 гана тыйын берилген. Ошентип, бир жыл ичинде кыргыз эмгек мигранттарынын кирешеси рублинду сомго алмаштырууда 1,5 эсеге төмөндөдү жана которуулучу акчанын коломуно таасир этти: 2014-жылы $ 2.235.900.000 баштап 2015-жылы $ 1.683.600.000 чейин төмөндөду. Кыргызстан үчүн, бул кризис улам мурдагы СССР өлкөлөрү менен тыкыз байланыта болгону учун, 2008-жылдагы глобалдык кризиске караганда кучтуурөк сезилди. Кыргыз сому долларга карата 35%ке тушту, калктын төлөөгө жарамдуулугу азайды, жалпы экономикалык иш-аракеттер кыскарды.
Ошондой болсо да, 2018-жылы эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйө баштады, долларына карата сомдун курсу стабилдештирилди, жана Россия кайрадан кыргыз калкы үчүн абдан жагымдуу кабыл алуучу өлкө катары чыкты.
Россияда Кыргызстандык эмгек мигранттарына өзун кандай сезишет? Көп жылдан бери Орусияда жашаган кыргыз жарандары менен орусиялыктардын мамилеси өзгөрбөдү. Россияда жакшы жашоого үмүт сузгөн бир топ Борбордук Азиядан келген мигранттардын турмушу абдан катаалданып кетти. Кыргызстандык мигранттардын айтканы боюнча, алар Орусияда басмырлоо жана душмандык менен туш келишет.
Орусияда мигранттарга карата Борбордук Азиядан чыккан элге терс стереотиптери ансыз дагы татаал болуп турган жашоону чыдагыс абалга келтирет. Жергиликтүү тургундар алаоды экинчи сорттогу адамдар катары көрушөт – бул күнумдук мамилелеринде көрүнөт. «Чурки» же «Маймыл», – деген бир топ шылдындоолорго чыдап келишет. Чынына карабастан, Борбор Азиядан келген мигранттар, бул жерде абдан төмөн иштерди – көчө тазалоо, үйлөрдү жана жолдорду куруу, объектилерди коргоо жана бала бакуу иштерин аткарышат.
22 жаштагы Кыргызстанда туулган улуту өзбек Россиянын жараны Акбарджон Джалилов, Санкт-Петербург метросунда апрель айында 16 адамдын жанын алып кеткен теракт актын кылгандан кийин, Орусияда Борбордук Азиядан келген мигранттардын абалы андан да жаман болду.
Орусияда мындан мурун дагы Борбордук Азиянын иммигранттарына каршы – Орусияга жасаган террористтик иш-аракеттер жөнүндө бурмалоо маалыматтар колдонулган. Бул терс иш-чаралар диний жана этникалык жек көрүүну кучөтуп жатат, иммигранттарды Орусиянын туруктуулугуна коркунуч туудурган чоочундар катары таанытып атат.
Эми Борбордук Азиядан чыккан мигранттарды «жамандоого» орус өкмөтүнун саясат өкүлдөрү да кошулду.
«Жумушка орношуу максатында Орусияга келип, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, Орусия аймагында террордук топтордун сөөгун тузуп жатышат», – деп Орусиянын улуттук терроризмге каршы комитетинин башчысы Александр Бортников жарыялады. Орус маалымат каражаттары Борбордук Азиядан чыккан мигранттарды терс болжолдоо менен башкы телеканалдар тарабынан туруктуу россиялык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл деген шылтоо менен иммиграция көзөмөлун катуулатуу жөнүндө маселени көтөрушөт. Бул административдик жана тиричилик турдө да мигранттарга карата басмырлоого алып келет.
Укук коргоо органдары көп учурда Кыргызстандын жана башка мигранттарды жарандардын документтерин текшерүүнк баштады, катардагы орустар мигранттар жана конок кызматкерлер тууралуу терс пикирин билдирип жатышат. Мындай мисалдар жетиштүү болуп саналат. Былтыр кышында Орусия полициясы Токтогулдан (Кыргызстан) Орусияга көчүп келген, 38-жаштагы Бактыгул Баялиеваны анын иштеген «Metro» супермаркетинен чыгып келе жатканда камакка алышып өздүк документтерди сурашкан. Документтери туура болгонуна карабай, полиция аны машинеге түртүп салып, белгисиз багытта алып кетишкен жана мигрант жумалык тапкан акысы 3000 рубл ($ 51) аларга бергенден кийин гана бошотулган.
Буга чейин маалымат каражаттарында москвадагы бир мейманканасында кодулоого дуушар болгон Бишкек журналисти Наталия Кушпаренконун окуясы жарыяланат. Мейманкана, ал жалгыз гана Кыргызстандын жараны болгону үчүн бөлмө беруудөн баш тартты. Мейманкананын кызматкеринин негизги аргументи – «Силер Орусиянын жараны эмес жана душмандык өлкөнун жараны болуп саналасынар» деп билдирди.
2019-жылы, 17-март күнү кечинде, Якутск (Саха Республикасы) Кыргызстандык мигрант жергиликтүү тургунду зордуктаган деген шек менен кармалган. Бул бир гана Кыргызстан эмес, ошондой эле, Өзбекстан жана Тажикстандан чыккан эмгек мигрантарына бир катар кол салууга алып келди. 17 мартта, шаардын Комсомол аянтында киши бир нече миндеген адамдын катышуусу менен митинг болуп өттү. Бирок 18-мартта өкмөттун уруксаты менен «Триумф» спорткомплексинде иммигранттарга каршы митинг өткөрулгөн.
Эмгек мигранттарын контролдоону күчөтүүгө убада кылган, анын башчысы Айсен Николаевдын сүйлөп чыгуусун өлкөдө мигранттарды өлтүрүүгө уруксат бергендей кабыл алышкан.
Улутчул көнулдөнгөн жергиликтуу жашоочулар мигранттар жашаган үйлөрдү, ашканаларды жана киоскторду бузуп тоношкон. Бул баш аламандыктан кызматкерлери, жумушчулары жана ээлери мигрант болгон дүкөндор жана чекене складдар жабылып, жана коноктор зарыл болбосо уйдөн чыкпаганга аракет кылышат. Автобус айдоочу мигранттарга да кол салуулар болгон. Ошентип, №18 маршруткасынын кыргыз айдоочусуна акыркы остоновкасында жети адам кол салып тепкилешкен.
Аймактын башчысы сүйлөгөн сөзүнөн кийин, Якутия (Якутск, Мирный, Удачный) тургундары массалык түрдө коркунуч менен улут аралык чыр-чатак чыгарган видео кабарларды жөнөттү. Бул клиптердин биринде, машинада бир киши “Якутия Рулит» деген сөздөр менен бир автоматтан ок аткан. Саясаттан таптакыр алыс адамдар да запкы жешти. Ошентип, якут эстрадасынын жылдызы Олимпия (Светлана Степанова) кыргыз жолдошун коргоогон посту Инстагарм жана башка тармактарда куугунтукка дуушар болгон.
Якутия тургундарын Олимпиянын концерттерине бойкот салууга чакырышкан жана анын ар бир постуна терс пикирлерди, кемсинткенди жазышкадыктан, ырчы өзунун Инстаграм профилин жок кылууга мажбур болду.
Ошол эле учурда, “Триумф спорткомлесинде өтуп жаткан митингте топтолгон эл Олимпиада чемпиону Павел Пинигинди маскарага кабылды.
Улуттукчулар спортсмендин байбичеси Кыркызстандан чыкканы учун аны Кыргыз диаспорасынын кызыкчылыгын көздөгөн деп кунөөлөшкөн. Айта кетсек, анын аялы Мария Пинигина, Кыргызстандын аймагында (азыркы Чүй) Ивановка кыштагынын тургуну – 1988-жылдын Олимпиада чемпиону, СССРдин женил атлетикасанын бир нече жолку чемпиону, Европалык жана Дуйнолук чемпиону жана рекордсмени.
Ал тургай, мындай окуялар ар дайым пайда болгонуна карабастан, Орусиядагы Борбордук Азиядан келген мигранттардын көпчүлүгү бийликтен жана депортациядан коркуп, алардын негизги укуктарын бузуусу жөнүндө унчукпайт. Алар Орусияда көп жылдан бери иштеп келе жатат жана алардын үй-бүлөсүн багуу үчүн, ага чыдап келишет.
Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, көптөгөн жумушчулар стресс шартында, коркунуч жана чексиз сабыр менен жашоого мажбур болуп Россияда дайыма күрөш жашоодо үмүтүн үзду. Россияда Алардын кобу келечегин абдан бүдөмүк баалайт.
Ал эми жакын арада, Кремлдин Борбордук Азия өлкөлөрүно кысым көрсөтүү үчүн «миграциялык» таасирин колдонуунусун улантат деп айтууга толук негиз бар, жана катаал башкаруу чаралар жана орус жарандарынын Борбордук Азиялык мигранттарга карата терс көз карашы андан да дагы куч алат.
Орусия миграция саясаты бир гана улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына шылтоолоп, ошондой эле өзүнүн калкынын арасында жумушсуздукту кыскартуу зарылдыгы менен катууланат.
Мындай Кремлдин расмий саясатынын башка жагы да бар. Ишке «Ислам мамлекети» (ИМ) Борбордук Азия боюнча КМШ өлкөлөрүнүн, мусулман жаштарына башка адилеттик жашоону сунуш кылып азгырышат. Бул Борбордук Азиялык мигранттардын Орусияда бир жакшы жашоого үмүт акталбаган абалына жана аларга Орусияда орун берилбегенине так туура келет, жана бул ал бечаралады террористтик уюмдарга женил жем кылат.
Кандай болсо да, Россияда чынчыл эмгеги менен жашоого акча табуу үчүн аракет кылып жатышкан микранттарга, же жалган же чын коркунучка шек туудурган көңүл көбөйгөн,. Ошондой эле, тилекке каршы, Борбор Азиядан келген мигранттарга үй-деңгээлинде Россияда терроризмге ыктымалдуу булагы катары көз караш улантыла берет.