Тастыкталган учурлардын саны 695ке жетти
Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 13 жаңы коронавирустук инфекциялар аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаев кабарлады
– Алардын ичинен Орусиядан келген 2 жаран, ошондой эле 2 бейтап – бул №3 ҮМБнын жуккан медициналык кызматкерлери менен байланышкан адамдар – деди ал. – Алардын арасында 2 дарыгер жана 1 медайым бар. Бүгүнкү күндө тастыкталган учурлардын саны 695ке жетти.
Ошол эле учурда Үсөнбаев кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде 25 бейтап ооруканадан чыгарылган. Жалпысынан 395 кыргызстандык коронавирустук инфекциядан айыгып чыкты.
Стационардык жардамда 292 жаран, ал эми реанимацияда – 7 адам бар.