Көчөлөрдө маршрут баракчасы жок журууго тыюу салынган

Бишкек шаарынын тургундары өзгөчө абал учурунда көчөгө чыгуу үчүн маршрут баракчасы болушу керек. Бул тууралуу 24-мартта маалымат жыйынында, биринчи өкмөт башчысынын орун басары Кубатбек Боронов билдирди.

Бороновдун айтымында, 07:00 тартып 20:00 чейин жаран азык-түлүк, доктурга же дарыкана үчүн гана көчөгө чыга алат.

«Бланкыда анын аты-жону, дареги, дарыкананын болжолдуу дареги көрсөтүлүшү керек. Анда үйүнөн аптекага чейинки жолду көрсөтүш керек. Аны патрулдук кармаса, анда ал эки документти бериши керек: жеке маалымат тастыктаган документти (паспорт, айдоочунун күбөлүгү) жана маршрут баракчасы», — деп билдирди ал.

жеке жарандын өз колу менен толтурулат. Бланктарды ички иштер органдарынан алсанар болот.

Боронов мисал келтирди: эгерде жаран Манас мене Токтогул кочоосунун кесилишинде жашаган болсо, ал бара жаткан дарыкананын дареги көрсөтүлүшү керек, деп билдирди. Аны патрул токтото турган болсо, анда ал киши чынында эле аптекага бара жатканы белгилуу болот. Ал эми маршрутунда башка маалымат жана жаран башка жерде болсо, анда суроолор пайда болушу мүмкүн. өзгөчө абалды бузган учурда, ал жоопкерчиликке тартылат.

«дайыма жеке маалыматты тактоочу күбөлүк документтери жанынарда болушу керек», — деп Боронов кайталады.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев айткандай, маршрут жадыбалы иштелип чыкты жана басма сөзго берилген. Андан кийин аларды ички иштер органдарынан алсанар болот.

Добавить комментарий