Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар

3-январь. 2019-жыл жаңыраары менен Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбү Нурманбетова 62 жашында оорудан улам көз жумду. Эсенбү Нурманбетова 1984-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеген. Ага 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы берилсе, 1995-жылы «Манастын» 1000 жылдыгынан кийин «Эл артисти» наамы ыйгарылган. Эмгек жолунда «Айчүрөк» (Калыйман), «Манас» (Канайым), «Ажал ордуна» (Зулайка), «Токтогул» (Валентина) операларында роль жараткан.

11-февраль. Бул күнү кыргыз эли дагы бир кызынан ажырады. Тагыраагы, өмүрүн балет өнөрүнө арнаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Асымкүл Баетова 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин катарын толуктап турчу. Замандаштары Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилова, Сайнат Жакобаевалар менен биргеликте классикалык хореографияны калың элге кеңири жайылткандардын бири. «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», «Жизель», «Корсар», «Ромео менен Жульетта», «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчисарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак», «Баядерка», ал эми улуттук спектаклдерден «Анар», «Куйручук», «Асел» жана башка бир топ чыгармаларда роль жараткан.

 Журналист Жайнагул Тазабекова, работавшая в КТРК

Ушул эле күнү, 11-февралда, журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгына кабылып каза болгону маалымдалды. Ал жолдошу жана алты айлык кызы менен кырсыктаган. Күйөөсү автоунаасын айдап бара жатып мамыны сүзүп алган. Мунун кесепетинен келинчеги оор жаракат алып, ооруканага жетпей үзүлгөн. Жайнагүл Тазабекова 28 жашта болчу, артында алты айлык бир кызы калды. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетинде коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө окуп, «Биринчи радио», «Санжыра» радиолорунда жана «Ала-Тоо 24», «Пирамида» телеканалдарында иштеген.

20-март. Бул күнү КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев 57 жашында каза тапты. Ал көптөн бери боор циррозу менен жабыркап келген. Сазаев Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектеген.

22-март. Сазаевдин сөөгүн жерге берген күнү журналист Бабырбек Жээнбеков бул дүйнө менен кош айтышканы кабарланды. 68 жаштагы Жээнбеков узакка созулган оорудан көз жумган. Ал 2013-2014-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин жетектеп, «Алиби» гезитинин башкы редактору болгон.

Заслуженный артист КР, известная актриса Жаркын Балыкбаева
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИНКУЛЬТУРЫ КР
Заслуженный артист КР Жаркын Балыкбаева

Апрелдин алтысында театр өксүдү. Бул күнү КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын каза тапканы айтылды. Балыкбаева көптөн бери ооруп жүргөн. Ал өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы училищеде актердук чеберчилик боюнча сабак берип жаткан. Ал КРдин эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле.

Апрель айынын аягында Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды.Ал театрда жарым кылымдан ашуун эмгектенип, дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө белгилүү болгон.

Нуртай Барбиев
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Дом кино им. Ч.Айтматова

8-июнь. Кыргыз эли көрүнүктүү режиссерунан ажырады. КР эл артисти Нуртай Борбиев 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү режиссер жана оператор көптөн бери ооруп жүргөн. Ал атамекендик кино тармагында көп жыл эмгектенип, ондогон даректүү тасма тарткан. Андан сырткары, «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Маңкурт», «Кошой таш» көркөм тасмаларын жаратып, «Көчө», «Саманчынын жолунда» роль аткарган.

Ушул эле күнү Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаев 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы Мырзабек Тойбаев ондогон поэтикалык, прозалык жана курч публицистикалык чыгармалары менен бирге бир топ драматургиялык чыгармаларды элге тартуулаган.

28-июнда легендарлуу парламенттин депутаты, айыл чарба илими боюнча доктор Кыргызбай Алагушев каза тапты.

Постоянный представитель Правительства в Жогорку Кенеше Ашырбек Темирбаев
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Постоянный представитель Правительства в Жогорку Кенеше Ашырбек Темирбаев

16-июль. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев 67 жашында оорудан улам дүйнө салды.

10-август. КР эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында каза тапкан. Нургазиев живописчи катары Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири болчу. Анын сүрөттөрү бир топ эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. 1985-жылдан тарта республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка).

22-августка караган түнү ардегер журналист Кемел Тойбаев 91 жаш курагында көз жумду. Анын эмгек жолунун басымдуу бөлүгү «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде өткөн. Гезитте жооптуу катчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Эколог Эмиль Шукуров во время встречи представителей гражданского общества страны с президентом
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Эколог Эмиль Шукуров

23-август. Белгилүү эколог, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Эмил Шүкүров 81 жашында көз жумду. Эколог узак убакыттан бери сыркоолоп жүрчү.

6-октябрь. 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык конкурстардын жана сыйлыктардын лауреаты, бийчи Арстанбек Ирсалиев каза болду. Ал балетте «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», «Жизель», «Корсар», «Ромео менен Жульетта», «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчисарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак», «Баядерка» спектаклдеринде негизги каармандардын ролун ойногон. Мындан сырткары, «Анар», «Куйручук», «Асел», «Саманчынын жолу» жана башка спектаклдерде да кайталангыс образдарды жараткан. Баса белгилесек, Арстанбек Ирсалиев «Космонавттар көчөсү» тасмасында Сардардын ролун аткарган.

17-сентябрь. Кыргызстандык зергер-дизайнер Виктор Сырнев каза болду. Сырнев — дүйнөлүк деңгээлдеги зергер-дизайнер эле. Ал 78 жашында ооруканада каза тапкан. Сырнев Кыргызстандын үч президентине — Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековго президенттик төш белгилерди жасаган.

Известный режиссер, заслуженный деятель культуры КР, депутат Верховного Совета СССР Умтул Орозова
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИНИСТЕРСТВА КУЛЬТУРЫ, ИНФОРМАЦИИ И ТУРИЗМА КР
Известный режиссер, заслуженный деятель культуры КР, депутат Верховного Совета СССР Умтул Орозова

12-октябрь. Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келген.

Координатор института Булан Чынара Токонова
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Координатор института «Булан» Чынара Токонова

4-ноябрь. Жыл аяктап баратканда кырчындай жаш өмүрлөр соолуду. Алардын бири журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын «Жаш толкун» радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, «Санжыра» радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кездерде 5-каналда «5-элемент» автордук программасын даярдап жүргөн.

10-ноябрь. Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиеванын дүйнөдөн кайтышы да көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту. Комузчу 44 жаш курагында көз жумду. Орозалиева узак убакыттан бери оору менен алпурушуп жүргөн. Ал акыркы жылдары Улуттук консерваторияда окутуучулукту аркалап, бир топ шакирттерди даярдаган.

11-ноябрь. Төкмө акын Акжолтой Канат уулу ойноп-күлөр кезинде жол кырсыгынан каза болуп, көпчүлүктүн кабыргасын кайыштырды. Ал төкмө акын Майра Керим кызынын уулу эле. Жол кырсыгынан аны менен кошо жаңы эле баш кошкон жубайы жана эки досу да мерт кеткен. Төкмө акын, актер Акжолтой ырчылык өнөрдү да аркалап келе жаткан.

7-декабрь. Жол кырсыгы декабрдын башында журналист Мырза Добутовдун өмүрүн алды. Добутов кырсыкка Россиядан кабылган, болгону 39 жашта эле. Кезинде ал КТРКда иштеп, Баткен облустук телеканалдын жетекчиси болгон.

В Бишкеке состоялась презентация книги Эсимде — Я помню известного кинорежиссера народного артиста СССР Болота Шамшиева.
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Презентация книги «Эсимде — Я помню» Болота Шамшиева в Бишкеке

21-декабрь. Жыл соңунда кыргыз киносунун корифейи Болот Шамшиев 78 жаш курагында дүйнө салды. Шамшиев «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка белгилүү кинолорду ийине жеткире тарткан.

Жаткан жерлери жайлуу болсун. Өтүп кеткендердин элеси жана эмгеги ар дайым эсте!

Добавить комментарий