Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Исфанада аэропортко кыргыздын көрүнүктүү ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды.

Бул тууралуу Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков аэропорттун ачылыш аземинде билдирди.

“Бүгүн кош майрам. Исфана шаарында улуу, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын алып жүрүүчү жаңы, оңдолгон аэропорт ачылууда. Жаңы аэропорттун имараты курулуп, аэродромдун элементтери реконструкциялангандан кийин аэропорт жарактуу сертификатка ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Авиациялык регламентинин талаптарына ылайык пайдаланууга бекитилген. Бул аэропорт 45 жылдан ашуун убакыттан бери эл үчүн кызмат кылып келет. Реконструкциядан кийин ал көптөгөн жылдар бою кызмат кылат деп ишенем”, – деп белгиледи Артем Новиков.

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу отургандардын бардыгын маанилүү инфраструктуралык объектинин ачылышы менен куттуктап, аэропорттун ачылышы жемиштүү иштин натыйжасы экендигин белгиледи.

«Мындай аэропорттордун ишин жандандыруу менен, биздин өлкөнүн аба дарбазалары бардык өлкөлөр үчүн ачык деп айта алабыз. Республикада жылына эки миллиондон ашык адам авиация кызматын пайдаланышат, 22 миң тоннадан ашык жүк ташылат. Республикадан учуунун географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар жүргүзүлүп жатат жана бул багытта иштер улантылмакчы», – деп сөзүн жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Андан кийин Артем Новиков Исфана шаарында тургузулган Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюп, ошондой эле биздин мезгилдин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери музейине барды.

Маалымат үчүн: «Исфана» аэропорту өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында курулуп, пайдаланууга берилген.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) комиссиясы Исфана аэродромун сертификациялоонун алкагында аэродромдун сертификаттоо талаптарына шайкештиги боюнча сурамжылоо жүргүздү.

ЖАА комиссиясы тарабынан аэродромду текшерүү учурунда кемчиликтер аныкталып, Аэродромдун учууга жарактуу сертификаты жокко чыгарылды.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек – ​​Исфана – Бишкек каттамындагы үзгүлтүксүз каттамдар аэродромдун жарактуу сертификатынын жаңыртылбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Добавить комментарий