ИИМ өлкөдө педофилдердин тобунун пайда болушу боюнча түшүндүрмө берди

КР ИИМдин басма сөз кызматы Кыргызстанда педофилдер тобунун пайда болушу жөнүндө маалыматты четке каккан билдирүүнү жарыялады. WhatsApp мессенджеринде ишенимсиз маалымат жигердүү жайылтылат.

«WhatsAppта, айрыкча ата-энелердин чаттарында, шаарда педофилдердин тобу пайда болду деген фейк маалыматтар жөнөтүлөт. Маалыматты текшерип, андан ары жөнөтпөй, коомду дүрбөлөңгө салбоону өтүнөбүз! Жалган маалыматтын жайылышын алдын алуу маанилүү.

Биз жарандарды жасалма – такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», – деп билдирди КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Добавить комментарий