Францияда өткөн кинофестивалда “Сальвадор Дали” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду

Кыргызстандык «Сальвадор Дали» тасмасы Францияда өткөн кинофестивалга катышып, эки сыйлыкка ээ болгонун «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.

Фестиваль Нормандияда (Франция) өттү. Ата мекендик тасма «Элдин тандоосу» жана «Жүрөктөн чыккан сыйлык» номинациялары боюнча сыйлыктарды алган.

Кыска метраждуу тасманын режиссеру Элдияр Мадаким, ал 2020-2021-жылдары тартылган. Тасмада чоң апасынын колунда тарбияланган режиссёрдун бала чагы баяндалат. Алар тоолуу жерде жашашкан жана бала күн сайын алыскы жол басып, мектепке жетүү үчүн дарыяны кечип өтүүгө туура келген.

Добавить комментарий