Европарламент Путин жана анын айланасындагылар үчүн атайын аскердик трибунал түзүүнү жактырды


    Warning: file_get_contents(/home/manasnew/manas.news/kg/wp-content/uploads/2023/01/speech-84953-1674836783-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/manasnew/manas.news/kg/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

19-январда Европарламент Владимир Путин жана анын айланасындагылардын Украина аймагындагы ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн эл аралык трибунал түзүлө турган резолюцияны жактырды. Трибунал үчүн 427 парламентарий добуш берди, 19у каршы, 33ү калыс болду.

Маалым болгондой, Гаагада Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) буга чейин “россиялык согуш кылмыштары” боюнча иликтөө баштаган. Эл аралык соттун компетенциясына геноцид, агрессия, согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштарды изилдөө жана далилдөө кирет. Ал эми 12-декабрда «Чоң жетиликтин» саммитинин катышуучулары РФ президенти Украинага басып киргендиги үчүн жоопкерчиликке тартылып, согуштан келтирилген зыяндын ордун Россия төлөп беришине аракет кылаарын жарыялашты.

АКШнын глобалдык кылмыш иштери боюнча өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Бет Ван Шаак Путинге карата атайын эл аралык соттун эки вариантын сунуштады. Биринчиси: Украина менен БУУ эки тараптуу келишим түзүп, БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоого алынып, «бүткул эл аралык коомчулуктун саясий колдоосуна» ээ боло алат. Экинчиден, Украина Евробиримдик жана Европа Кеңеши менен биргеликте ички сотту түзүп жатат, ал дагы БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү аркылуу эл аралык колдоого ээ болот.

Аскердик эксперттердин арасында азыр аскердик трибуналды түзүүнү сындагандар да бар. Алар сот идеясын тескери натыйжага алып келиши мүмкүн деп ишенишет – Москва бардык тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартат жана согуштук аракеттер жаңы күч менен уланат.

Ошого карабастан, Россиянын мамлекеттик каналдары баары күнөөлүү деп эскертишет, ал тургай Кремлдеги дворник да, андыктан артка кайтуу жок – Украинанын аймагында аскердик операцияларды улантуу зарыл.

 

Добавить комментарий