ЕККУ ПА КРдагы автоматташтырылган шайлоо процессин уюштуруунун деңгээлин жогору баалады

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы (ПА) Кыргызстанды автоматташтырылган шайлоо процессин уюштуруу боюнча региондогу лидер деп атады.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте КР Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын (ПА) төрагасынын орун басары, Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пиа Каума менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен ЕККУ ортосундагы кызматташтык маселелери, анын ичинде шайлоо системасы жана социалдык-экономикалык өнүгүү, ЕККУ Академиясын Бишкекте институционалдык чыңдоо, ошондой эле ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы тарабынан тоолуу региондорду өнүктүрүүгө багытталган КРдин демилгелерин колдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн КР Өкмөтүнүн алдында турган милдеттерге жана чакырыктарга бурду, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, жакырчылык менен күрөшүү, миграция, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле калктын сапаттуу саламаттык сактоого жана билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Ал ЕККУну Кыргызстанды өнүктүрүүнүн белгиленген улуттук артыкчылыктарына ылайык өлкөгө көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Пиа Каума өлкөдөгү автоматташтырылган шайлоо процессин уюштуруунун жогорку деңгээлин оң баалап, КР бул маселе боюнча региондо лидер экенин айтты.

2025-жылы ЕККУнун 50 жылдыгын белгилөөнүн алдында ЕККУ ПА төрагасынын орун басары кыргыз тарапты ЕККУ ПА комитеттеринин ишине үч өлчөмдө тең активдүү катышууга жана ЕККУ мейкиндигинде потенциалдуу чыр-чатактарды болтурбоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу процессине тартууга чакырды.

Добавить комментарий