Абанын сапатын жакшыртуу жана шаар ичинде жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу кечиктирилгис чаралардын бири болуп саналат. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов КСДП фракциясынын кезетеги жыйынында билдирди.
«Энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу баратканын божомолдосок болот. Тилекке каршы, мыйзамдын аткарылышы кечеңдеп жатат. Анткени мыйзам алдындагы актылар ушул кезге чейин иштелип чыга элек. Ага кошул, азыр көмүр, жеңил өнөр жайынын калдыктары, резина, пластик сыяктуу уулуу заттарды чыгаруучу отундар жагылган мештер байма-бай пайдаланууда. Бишкек ЖЭБи дагы шаардын чегинде турат», — деди Марат Аманкулов.
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча актылар даяр болгонун, ал 1-декабрынан тарта ишке киргизиле турганын билдирди.