Чолпон-Атада Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү

Чолпон-Ата шаарында сейил бактын аймагында, администрациядан анча алыс эмес жерде Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземине статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы жыл бою өлкөдө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн атасы, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөнүн эске салды. Мындай иш-чаралар жакынкы жылдарда да улантылат.

Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү өлкөнүн илимий жана жогорку окуу жайларында изилденип, илимий, докторлук, кандидаттык диссертациялар даярдалып жатканын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын Алматы шаарында ноябрь айында Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөн.

“Мен өзүм тарыхчымын. Биз изилдеп көргөндө бул адам тууралуу жарым-жартылай гана маалымат бар болчу. Бизге жөн эле Касым Тыныстанов, Зыяш Бектенов, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсандар бар экенин айтышты. Бул адамдардын атын айтууга эч ким батынган жок. Андан кийин башка заман болгон. Ошол кезде улуттук аң-сезимди ойготкон улуттун түптөөчүлөрүнүн өмүр баянын окутуу опурталдуу болгондур”, – деп, кыргыздын арасында өлкө кызыкчылыгын баарынан жогору койгон эр жүрөк уул-кыздарыбыз көп болгонун белгиледи.

Эстеликтин бийиктиги 9 метр, баасы 2 миллион сомду түзөт. Эстеликтин автору Мирлан Осмоналиев.

Добавить комментарий