Чехиялык компания Кыргызстандын эки аэропортун реконструкциялоого кызыкдар экенин билдирди

Чехиялык инженердик компаниясы Кыргызстандын эки аэропортун – Баткен жана Исфана шаарларын реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү каалоосун билдирди.

Бул тууралуу бүгүн, 14 октябрда «Транском» компаниясынын өкүлү Баткенде өткөн инвестициялык форумдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, болжол менен 4-5 жыл мурун компания аэропортторду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштаган. Компаниянын пилоттук долбоорлорунун бири – Сенегалда 5 аэропортту реконструкциялоо.

“Биз Сенегалдагыдай эле Кыргыз Республикасындагы аэропортторду өнүктүрүү бүтүндөй аймактын өнүгүшүнө алып келерин түшүнөбүз. Аэропорттордун курулушу абдан узун, бир нече жылга созулат. Бирок биздин чечим модулдук, бардык тетиктер өзүнчө өндүрүлөт, андан кийин чогултулат. Ушундай жол менен 18 айдын ичинде аэропорт курса болот. Сиздин өлкөдө силерде 11 аэропорт бар, бирок алардын 5 гана иштейт. Аэропорттордун өнүгүшү менен регионалдык өнүгүү болот.

Биз Баткен жана Исфана аэропортторун реконструкциялоого кызыкдарбыз. Биз бул чечимди сунуштайбыз, аны ишке ашыруу мүмкүн болот деп ойлойбуз”, – деди компаниянын өкүлү.

Баткенде инвестициялык форум өтүүдө

 Эске сала кетсек, Баткен шаарында бүгүн, 14-октябрда «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү» инвестициялык форуму башталды.

Иш-чара КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын башчысы Акылбек Жапаровдун, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн, потенциалдуу чет элдик инвесторлордун, каржы институттары, ошондой эле ата мекендик ишкерлердин катышуусу менен өтүүдө.

Иш-чарага 300 ашуун адам катышууда.

Добавить комментарий