Британ чалгын кызматы Беларуста Россиянын аскердик-саясий катышуусун бекемдегенин жарыялады

Орус армиясы машыгуунун бир бөлүгүн Беларустун аймагында өткөрүп, муну менен Россиянын өлкөдөгү аскердик-саясий катышуусун күчөтөт. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы билдирди.

Өлкөнүн армиясы буга чейин 300 миң адамдан турган мобилизацияга ашыкча жүктөлгөн, ал эми 1-ноябрдан тарта 120 миң адамдан турган күзгү мобилизация пландалган. Мына ушулардын бардыгы жацы кадрларды даярдоону талаптагыдай деңгээлге чейин жеткирүүгө мүмкүн эмес. Чалгындоо кызматы «аскерге жаңы чакырылгандардын билими аз же такыр эле жок болушу ыктымал деп белгилейт. Тажрыйбалуу офицерлер менен инструкторлор Украинадагы согушка жөнөтүлүп, кээ бирлери каза болушу ыктымал» дейт. Буга байланыштуу британ чалгындоосу чектелген даярдыктагы күчтөрдү жайгаштыруу Россиянын чабуул коюучу согуштук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк бербейт деген тыянакка келет.

4-ноябрда Министрлер 7 Беларус бийлигине өз өлкөсүн аскердик чыр-чатакка тартпоо жана Россиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун жүргүзүүгө көмөктөшүүнү токтотуу, анын ичинде Россиянын Куралдуу Күчтөрүнө Беларустун аймагын Украинага ракета учуруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү талабы менен кайрылганы кабарланган.

«Эгер беларус бийликтери Беларусту Россиянын согушуна түздөн-түз аралаштырса, анда Чоң жетилик режимге эбегейсиз кошумча чыгымдарды жүктөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Батыш саясат таануучулары Лукашенконун режими өлкөнү жана коомду аскердик мобилизация жолуна өткөрүүгө аракет кылып жатканын жана аны акырындык менен жасап жатканына ишенишет:

— Лукашенко аскердик резервди текшерип жатат, бул тымызын мобилизация жана ага моралдык-психологиялык даярдык катары кабыл алынат;

— Расмий ЖМКлар  Беларуста агрессивдүү орусиячыл аскерий риториканы жана истерияны активдүү үгүттөп, ошондой эле (Лукашенконун артынан) НАТОну Беларуска дээрлик басып кирүүгө даярданууда деп ачык айыптоодо;

— КГБ жеке адамдардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө киргизүү укугун алат. Өз кезегинде Лукашенко КГБны өзүнүн карамагына өткөрүп, негизги укук коргоо органдарына түз көзөмөл орнотууга аракет кылууда;

— Лукашенконун делегациясы БУУда Украинанын аймактарын аннексиялоого каршы резолюцияга добуш берүү маселесинде Россияны колдойт.

«Беларустун өзүн-өзү жарыялаган президентинин бул иш-аракеттеринин баары анын Россиянын президентине 100% көз каранды экенин көрсөтүп турат. Саясий режим тарабынан мобилизациялык аракеттерди талап кыла турган ички коркунучтар жок экени айдан ачык. Лукашенконун саясаты Россиянын Украина менен болгон согушунда Беларустун ролу жана статусу активдешип баратканы менен шартталган. — деп жазат британ чалгынчылары. — Терроризмге каршы мүнөздөгү чараларды жүргүзүүгө даярдык көрүү же өткөрүү өлкөдөгү абалды ого бетер начарлатат, анткени ал бир катар чектөөлөрдү карайт жана күч түзүмдөрүнүн Беларус жарандарына карата ого бетер өзүм билемдигине жол берет, ошондой эле Россиянын Беларустагы аскердик-саясий катышуусун күчөтөт».

Добавить комментарий