Боронов: Кыргызстандыктардын жашоосу региондордогу ар бир жетекчинен көз каранды

Ар бир аким, ар бир айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргызстандагы коронавирустук эпидемиянын шартында ага жүктөлгөн жоопкерчиликти так түшүнүшү керек. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын премьер-министри региондордо жооптуу кызматтарды ээлеген жетекчилерге билдирди. Кубатбек Боронов жетекчилерге Кыргызстандын жарандарынын жашоосу алардын чечимдерине жана иш-аракеттерине түздөн-түз байланыштуу экендигин эскертти.

Республикалык оперативдүү штабдын отурумунда ал мындай деди:

“Айрым аймактарда статистика коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөндүгүн көрсөтөт. Райондордун акимдери тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдоону күчөтүшү керек. Алар ооруканада жаткан ар бир бейтап жөнүндө кабардар болушу керек. Ошондой эле, буга чейин штабдын буйругуна ылайык, оорулууларды аныктоо үчүн короолорду кыдырып чыгуу керек. Бул иштин багыты тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөйт”, – деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчысы ошондой эле курорттук аймактагы туристтердин санынын өсүшүн эске алуу менен, Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

“Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн айда Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн 3 миңге жакын адам келип, июль айынын 20 күнүндө бул аймакка 10 миңден ашык турист келген. Алардын арасында ооруп, дарыланып жаткандар болушу мүмкүн. Ошондуктан курорттук зонада көзөмөлдү күчөтүү абдан маанилүү. Керек болсо, аймакка кошумча күчтөр жөнөтүлөт”, – деди Кубатбек Боронов.

Штабдын отурумунда медициналык кадрлардын резервин түзүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү окутуу курстарын уюштуруу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда штаб мүчөлөрүнө күз-кыш мезгилине даярдыктар талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий