Бишкектеги 4 күндүзгү ооруканалар дайындалды

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын же пневмониянын алгачкы белгилери барлар төрт күндүзгү ооруканаларга барышат. Ал жерден консультацияларды, инъекциялар жана тамчыларды алса болот.

Ленин райондук ооруканасына кабыл алуу башталды, деп билдирет мэрия Facebookта түз эфирде.

Видеодо биринчи пациенттердин кантип киришип жаткандыгын жана кезек түзүлгөнүн көрсө болот.

Ооруканаларды даярдоого куткаруучулар да тартылган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Адилбек Чаргыновдун айтымында, куткаруучулар түнү бою керебеттерди орнотушкан.

Аталган иштерге бөлүмдөн 100дөн ашык адам жана 10 жүк ташуучу унаа тартылган. Куткаруучулар 500дөн ашык керебетти сүйрөп, жууркан жана жаздыктарды коюштурушкан.

Даректер:

  • Ленин району:

«Газпром» фитнес борбору, Жайыл Баатыр көчөсү, 66;

  • Первомайский район:

Спорт Ордосу, Тоголока Молдо көчөсү, 40;

  • Свердловский район:

Раатбек Санатбаев атындагы ФОК, Восток-5 кичи району, 21а;

  • Октябрь району:

12-кичи райондун түштүк шоссесиндеги чиркөөнүн жанындагы нан бышыруучу имарат.

 

Добавить комментарий