Бишкектеги №36 автобустун багыты өзгөрдү

Борбор калаадагы №36 автобустун багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Новый маршрут автобуса №36
© ПРЕСС-СЛУЖБА МЭРИИ ГОРОДА БИШКЕК
Новый маршрут автобуса №36

Маалыматка караганда, мындан ары автобус Жибек Жолу проспектиси аркылуу Осмонкул («Шоро» компаниясына чейин) көчөсүнө кирбейт.

«Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолунан акыркы аялдамага чейинки бөлүгүндө (1300 метр) жергиликтүү тургундар унааларын токтотуп коюп жатышат. Жол кууш болгондуктан автобустардын өтүшүнө тоскоолдук жаралууда», — дешти мэриядан.

Мындай чечимди атайын комиссия жергиликтүү тургундардын оюн эске алуу менен чыгарган. Мындан ары №36 автобус Ак-Ордо конушунан Осмонкул көчөсүндөгү «Шоро» компаниясына чейин эмес, Лермонтовго чейин жүрөт.

Добавить комментарий