Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында патрулдук көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу 30-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 400гө жакын патруль иштейт.
Санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата чаралар көрүлөт. Бул жагдайга борбор калаанын жашоочулары күнөөлүү. Өзгөчө кырдаал жарыяланганына карабастан, алар белгиленген режимди бузуп жатышат. Натыйжада, патрулдук режим күчөтүлөт.