Бишкек: жашыл аймактардын бештен бири жоголду

Бишкекте шаардын жашыл бөлүктөрүнүн кыйла бөлүгү жоголду. Жалпысынан борбор калаа жашыл аймактардын бештен бир бөлүгүн жоготкондугу жана бул акыркы 7 жылда гана болгону маалымдалды.

Экологиялык уюм 2014-жылдан баштап жыл сайын NDVI технологиясы менен борбордун жашыл аймактарында изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Бул шаардын токой отургузуулары боюнча маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүндүк берет. Демек, Бишкек шаарында 479 гектар токой отургузуулары жок болуп, 250 гектары гана пайда болгонун көрөбүз. Башкача айтканда, 2014-жылдан 2021-жылга чейин борбор калаа жашыл аянтчаларынын 20 пайызын жоготкон. Бул тенденция бүгүнкү күндө да уланууда», – деп белгилешти активисттер.

Twitter скриншоту/«Инициатива «Арча» КФ

Фото скриншот Twitter/«Инициатива «Арча» КФ Бишкек жети жылда жашыл аймактарынын бештен бир бөлүгүн жоготту

Өсүмдүктөрдүн азайышынын дагы бир фактору – жаан-чачындын көлөмү. «Маалыматтарды талдоодо Бишкек суусу аз мезгилге киргени белгилүү болду. Бул көз карандылык климаттын өзгөрүшүнө жашыл мейкиндиктердин алсыздыгын көрсөтөт», – деп кошумчалады уюм.

Фонд суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу үчүн адаптациялоо чараларынын бири катары ирригацияда заманбап технологияларды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.

«Шаарды жашылдандыруу үчүн кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөргө өзгөчө көңүл бургула, анткени алар климаттын өзгөрүшүнө туруктуу келет», – дешет экологдор.

 

Добавить комментарий