Бишкек: жалпы республикалык тестирлөө качан башталат

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-борборунда жалпы республикалык тестирлөө Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу айтылды.

Тактап айтканда, КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, Бишкектеги борбордук мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн республикалык тестирлөөсү (ЖРТ),

эки этапта өтөт:

– 18-19-май күндөрү Свердлов районунда төмөнкү мектептердин базасында; №4; №38; №45; №65; №66; №94. Октябрь районунда №17; №26; №37; №63; №64; №88.

– 21-22-май күндөрү Ленин районунда төмөнкү мектептердин базасында; № 9; №13; №31; №68; №72; №84; №93; №96. Биринчи Май району № 6; №27; №28; №29; №24; №69.

Белгилей кетсек, 22-23-июнь күндөрү ЖРТ кошумча тизме боюнча өтөт.

Мэрия тестирлөө бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөрүн белгиледи.

Добавить комментарий