Бишкекте терминалды уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу коменданттын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча ЕРППде катталгандыгы аныкталган.
“Свердлов районунун ИИБ кызматкерлери кылмышка шектүү жарандарды 23 жаштагы М.К., 30 жаштагы К.Ш. жана 29 жаштагы Ж.К. кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандардын калаада жасалган башка кылмыштарга дагы тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деди комендант.
Эске салсак, 7-апрелде белгисиз адамдар борбордун борборундагы ири суммадагы төлөм терминалын уурдап кетишкен. Коменданттык саат учурунда уурулук катталган. Буга чейин комендант Алмазбек Орозалиев борбордо жасалган кылмыштардын саны кыймылдын чектелишинен улам азайгандыгын билдирген.