Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат

Кыргызстанда, Чүй облусунун аймагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун боюнда оңдоо иштери жүрүп жатат. Жол планы белгиленген графикке ылайык жаңыланууда.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, мындан улам Сокулук районунун аймагында 19-чакырымдан 26-чакырымга чейин унаа тыгыны пайда болду. Бул Шопоков шаарынан Сокулук айылындагы мал базарына чейинки жолдун бир бөлүгү.

«Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы айдоочуларга оңдоо иштерин айланып өтүү үчүн альтернативдүү жолду сунуш кылат. Сокулук айылынын борборунан Шалта, Кызыл-Туу, Күн-Туу жана Селекция айылдарын аралап өтүп, ал жерден Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүн башына чейин барууга болот. Бул айланма жолдун узундугу 23-24 чакырымды түзөт. Мындан тышкары, Бишкек шаарынан батышты көздөй бара жатып, Маловодное, Шалта айылдары аркылуу Сокулук айылынын борборуна чейинки оңдоо иштерин айланып өтүүгө болот», – деп билдиришти Жол кайгуул кызматынан.

Добавить комментарий