Бир сутканын ичинде 37 жаңы КВИ учурулары: 2020-жылдын 22-майына карата маалыматтар

22-май күнү эртең менен Кыргызстанда 37 жаңы коронавирус учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүн күнүмдүк брифингинде билдирди.

Анын айтымында, булар аныкталды:

  • Нарын облусунда – 21;
  • Бишкек шаарында – 6;
  • Ош облусунда – 6;
  • Санкт-Петербургдан келгендердин саны боюнча – 3;
  • Соль-Илецктен келгендердин саны – 1.

Бир сутканын ичинде лабораторияда 2714 үлгү алынды, алардын 2207си иштетилди.

Ошентип, 22-майда Кыргызстанда 1350 коронавирус учурлары тастыкталды.

Добавить комментарий