Белгилүү актёр Марат Жанталиев дүйнөдөн кайтты

Өмүрүнүн 59-жылында, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Жанталиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу режиссер Эрнист Абдыжапаров билдирди. Көрүүчүлөр Марат Жанталиевди Саякбай Каралаевдин ролу үчүн билишет. Премьерасы 2017-жылдын 8-сентябрында болуп өткөн.

Жанталиев кызмат кылган Жаш көрүүчүлөр театрынын директору Темирлан Сманбеков кечээ Марат Жанталиев театрга келип, өзүн жакшы сезип калганын айткан.

Баары жакшы болчу, мен кадимкидей эле жүргөн. Аңгыча бүгүн мага чалып, анын реанимацияда экенин айтышты. Эмне болгонун билүү үчүн азыр ооруканага бара жатам. Анын эмне үчүн көз жумганын азырынча айта албайм», – деди Темирлан Сманбеков.

Добавить комментарий