Балдардын реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн мамлекет башчынын фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн

Кыргызстанда «Алтын Балалык» реабилитациялык борборуна каражат табуу үчүн марафон өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 40 миллион сом чогултууга мүмкүн болду.

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада жайгашкан балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борборду ишке киргизүү үчүн мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлгөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы борбордун курулушу 2000-жылдары башталганын, дубалдары тургузулганын, бирок иш 2005-жылы токтоп калганын белгиледи.

Ушул жылдын март айында Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен бирге борборго келип, мекеменин курулушун бүткөрүүнү тапшырган.

Азыр бир блок араб кайрымдуулук фонду тарабынан курулса, экинчиси “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын эсебинен курулууда. Мындан тышкары, демөөрчүлөрдөн, камкор жарандардан жана каалагандардын бардыгынан каражат чогултуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынды.

«Биз реабилитациялык борборду эмдиги жылдын 1-июнунда — Балдарды коргоо күнүндө ачууну пландап жатабыз», — деди Жапаров.

Ал чогултулган акча жетпей жатса, республикалык бюджеттен курулушка каражат бөлүп берүүнү убада кылды.

Реабилитациялык борбор 500 бейтапка ылайыкталган жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар, деди мамлекет башчысы. Анын айтымында, кардиохирургия бөлүмү ачылды, буга чейин беш операция жасалды. Мындан тышкары, аллергия бөлүмү иштей баштады.

Эсиңиздерге сала кетсек, А.Акаев 1 миллион сом, биринчи айым Айгүл Жапарова 500 миң сомду президенттин үй-бүлөсүнүн атынан берген. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин атынан 3 млн сом которгон. 40 миллион сом чогултулган.

Добавить комментарий