Бишкекте Президенттин Администрациясынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата экологиялык акция өткөрүлдү.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Э.Гареев атындагы Ботаникалык багындагы тазалоо иштерине катышты.
Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин башчысы, борбордун мэри Айбек Жунушалиев, президенттик администрациянын кызматкерлери парктын аймагын тиричилик таштандыларынан тазалашты.
«Бүгүн сонун күн. Министрлер кабинети парктарыбызды жана башка коомдук жайларды таштандыдан тазалоого багытталган акцияны колдоду жана бүгүн бүткүл өлкө боюнча экологиялык акция өткөрүлүүдө. Ар бир жаран жаратылышты таштандыга булгабастан, айлана-чөйрөгө аяр жана жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Жаш муун жаратылышка болгон сүйүүнү өрчүтүшү керек. Анткени, биз жаратылышка канчалык жакшы кам көрсөк, ошончолук бизге пайда алып келет», — деди Улукбек Марипов.
Анын айтымында, КР президентинин демилгеси менен экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлдү, бул мамлекет үчүн экологиялык көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн тастыктайт.
Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен тааныштырылды жана катуу тиричилик таштандыларын, коркунучтуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча иштеген уюмдардын өкүлдөрү, экологиялык активисттер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Улукбек Марипов Ботаникалык бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул маселеде мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, ошондой эле донордук уюмдардын аракеттерин бириктирүү зарыл.
Ал ошондой эле экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын экологиялык ишмердүүлүгүн жана социалдык маанилүү демилгелерин колдоо боюнча министрлер кабинетинин милдеттенмесин баса белгиледи.