Бүгүн Жогорку Кеңештин акыркы спикери жерге берилди

Бүгүн, 7-июлда, Ала-Арча көрүстөнүндө Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков жерге берилди. Бул тууралуу Facebook баракчасына парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу жазган.

Өткөн түнү Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков 60 жашында эки тараптуу пневмониядан көз жумду.

«Кыргыз эли чоң жоготууга учурады. Чыныбай Турсунбеков бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков президенттин, парламенттин жана өзүнүн атынан маркумдун жубайына, балдарына жана жакын туугандарына көңүл айтты», – деп жазды Нуракун уулу.

Март айынан бери республикада пневмониядан 224 адам көз жумду.

Добавить комментарий