Аткезчилик үчүн колдонулган унаалар конфискацияланат

КР башчысы Садыр Жапаров аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду, эми аткезчилик жүк ташыган унаалар конфискацияланат.

Тиешелүү өзгөртүүлөр Жазык кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилди.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзам төмөнкүлөргө багытталган:

контрабандага – өткөрүү пункттарынан жана товарларды өткөрүү үчүн белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүү;

жана жогоруда көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер үчүн эффективдүү, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу санкцияларды белгилөө.

КР Жазык кодексинде жогоруда аталган жолдор менен контрабандалык буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

Добавить комментарий