2016-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен он түрк жараны кыргыз паспортун мыйзамсыз алышкан.
Бишкек ИИББдин Тергөө кызматы тарабынан 2016-жылы Кыргызстандын паспортторунун мыйзамсыз берилген фактысы боюнча КР Жазык кодексинин 319-беренеси «Коррупция» боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат, деп билдирди борбордук милициянын басма сөз кызматы.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген Президенттин алдындагы Жарандык боюнча комиссиянын төрагалыгы астында он түрк жаранын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алынгандыгы аныкталды.
«Ошол эле жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиянын он жараны Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилген», – деп билдиришти борбор калаанын милиция кызматынан.
Тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-аракеттери сотко чейинки процесстин алкагында бардык тиешеси бар адамдарды табуу үчүн улантылууда, деп белгилешти Борбордук ИИББден.